Нарын шаарында коронавирус пандемиясынан коргонуучу кийимдер тигиле баштады

19-марттан баштап Нарын шаарындагы #87-кесиптик лицейинде коронавирус пандемиясынан коргонуучу кийимдер тигиле баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул тигилген кийимдер медицина тармагына, күч органдарына жана тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө берилет. Ал жерге Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров барып, жүрүп жаткан иш менен таанышып, тигүүчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru