Нарын шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жардам баштыгын алуудан баш тартты (ВИДЕО)

Нарын шаарындагы Сооронбаев Кубанычбек Асанказиевич Нарын казыятынын жардам баштыгын алуудан баштып башка муктаж адамдарга берилүүсү керек экендигин айтып, казыят кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Нарын облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен кайрымдуу, берешен адамдардын колдоосунун алкагында Нарын облусунун аймагындагы 600 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам баштыктары берилди. Анын алкагында Нарын шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга дагы берилген эле. Жардам баштыктарын таркатууда Нарын шаарынын тургуну мүмкүнчүлүгү чектелген Кубанычбек Сооронбаев жардам баштыгын алуудан баш тыртып, учурда өзүндө жетиштүү азык-түлүк бар экенин билдирип, башка муктаж адамдарга берилүүсүн айтыпч кызыят кызматкерлерине бата тилеген берди.

” Аллага шүгүр мындан 15 күн мурда, кечээ башка жарандар жардам баштыктарын беришти. Азырынча өзүмө, аялыма жетиштүү азык-түлүк бар. Башка чынында муктаж болгон үй-бүлөлөргө бериңиздер. Биздин көчөдө эле бир жумушсуз, кечээ эле балалуу болгон үй-бүлө бар. Мүмкүн болсо ошол үй-бүлөгө бериңиздер. Сиздерден Аллах ыраазы болсун, ишиңиздерге ийгилик”,- деди Кубанычбек Сооронбаев.

Ошондой эле жардам баштыгын жеткирип келген Нарын казыятынын кызматкерлерине батсын берип, Нарын казыятынын ишмердүүлүгүнө ыраазычылыгын билдирди.

Булак: Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru