Нарында дарыянын жээгинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

Нарын облусунун Туюк-Булак аймагында дарыянын жээгинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, маркумдун сөөгү 13-октябрда аныкталды.

Маалым болгондой, куткаруучулар саат 20:40да жерине жетип, караңгы кирип кеткен. Бүгүн, 14-октябрда 4 куткаруучу жана 1 офицер тартылып, маркумдун сөөгүн Нарын дарыясынын жээгинин Жылан-Арык айыл аймагынын тушунан табышты. Каза болгон кишинин жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru