Нарында оор жүк ташуучу унаа менен Toyota кагышып, төрт адам жабыркады – (СҮРӨТ)

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 2-декабрда саат 21:08 чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 216-чакырымында “КамАЗ” оор жүк ташуучу унаасы жана Toyota Nadiа унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркады.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru