Нарындагы эки адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы айтылды

Нарын облусунун Кочкор районунда 6-декабрга караган түнү жол кырсыгы катталып, 2 адам мерт кеткен. Кырсык туралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан айтып беришти.

“Автоунааны Кочкор айылынын 2000-жылы туулган Ж.А. аттуу тургуну башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги чоң бактарды сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу жана 2005-жылы туулган жүргүнчү А.А. окуя болгон жерден каза болушкан. Бул факты Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат”, – деп маалымдашты басма сөз кызматынан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru