народный

Нарындагы окуучулар Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери менен жолугушту

Нарын районунун Куланак жана Учкун айылдарында мектеп окуучулары арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Нарын ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Калыбек Кыдыкбаевдин уюштуруусунун алкагында жогорку класстын окуучулары менен Ооган согушунун ардагери Токторбек Оморов, Баткен согушунун ардагери Эркинбек Шамыратов, Нарын облустук казыятынын өкүлү Санжар Тынчтыкбек уулу, Нарын РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Талантбек Ашырбаев жолугушту. Анда окуучуларга туура багыт көрсөтүү, таалим-тарбия менен бөлүшүү, кылмыштуулуктун алдын алууда профилактикалык түшүндүрүү иштери, эрте никеге туруу боюнча толук маалымат берилди. Ошондой эле окуучулар кызыккан суроолоруна жоопторду алышты. Мындан сырткары мектеп окуучулары ушундай түшүндүрүү иш-чаралары байма-бай жана бардык мектептерде жүргүзүлүп турса жакшы болмок деген сунуштарын айтышты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru