Навальный менен Песков соттошо баштады

Саясатчы Алексей Навальный ар-намысын  жана кадыр-баркын коргоо  максатында   Россиянын президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песковго каршы  сотко кайрылды. Доо арыз Москванын Пресненский сотуна берилген, кароонун датасы али аныктала элек. Бул тууралуу Meduza жазып чыкты.

Соттун басма сөз кызматы “Ачык Медиага” билдиргендей, Навальный Песковдун опоозиционер “ЦРУнун адистери” менен иштешип жатат деген сөздөрү чындыкка дал келбейт жана ал сөздөр  ар-намысына, кадыр-баркына  шек келтирет деп жарыялоону суранат.

Саясатчы соттон  соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен  Песковго  президенттик администрациянын расмий сайтына  төгүндөөнү   милдеттендирүүнү өтүнөт.

Доонун  себеби – ТАССтын жарыясы “Песковдун айтымында,  Навальныйдын Путинге каршы айыптоосун ЦРУ шыктандырган, алар кабыл алынгыс “.

1-октябрда Der Speigel Алексей Навальный менен болгон маегин жарыялаган, анда оппозициячыл, анын ууландырылышынын артында Владимир Путин жеке өзү тургандыгын билдирген. Россия Федерациясынын Президентинин Басма сөз катчысы Дмитрий Песков Навальныйдын россиялык журналисттерге билдирүүсүн комментарийлеп жатып, саясатчыны ЦРУнун инструкторлору менен кызматташууда деп айыптады. Навальный маалымат каражаттары Песковдун бул сөздөрүн жарыялагандан кийин, анын “ЦРУнун адистери менен иштешкендиги” жөнүндө далилдерди келтирүүнү талап кылып, сотко берүүнү убада кылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru