народный

Назарбаевдин миллиардер күйөө баласы Кулибаев ээлеген кызматынан кетти

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, белгилүү бизнесмен Тимур Кулибаев “Ата мекен” ишкерлердин улуттук палатасынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Анда Кулибаев кайрылуу жасап, өз ыктыяры менен кызматын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал “Ата мекен” ишкерлердин улуттук палатасын 2010-жылдан бери жетектеп келген.

Кулибаев Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын жолдошу. Мындан сырткары, ал KAZENERGY мунай газ жана энергетикалык комплекс ишканаларынын казакстандык ассоциациясына төрагалык кылат, 2011-жылдан тарта “Газпромдун” директорлор кеңешинин мүчөсү — көз карандысыз директору. Ошондой эле Казакстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти, аны менен катар эле бокс жана спорттун суудагы түрлөрү боюнча федерацияны жетектейт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru