народный

Нефттин баасы түшүп кетти

 9-мартта тоорук ачылаар замат Brent үлгүсүндөгү нефттин баасы 30 пайыздан ашуун түшүп кетти. Майдагы фьючерстер жарыяланган учурда Интерконтиненталдык биржада 35,6 доллардын айланасында сатылып жаткан Brent үлгүсүндөгү нефтинин баррелинин баасы 27 пайызга түшкөн. Ал эми апрелде бир баррелдин баасы 32,6 доллар болчу. Бул тууралуу Ведомости жазып чыкты.

Баанын түшүп кетишине нефти өндүрүүнү кыскартуу боюнча ОПЕК+ келишиминин урашы себеп болгон. Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн сүйлөшүүсү 6-мартта бир пикирге келбөө менен аяктаган, тараптар жаңы келишимди узартуу же жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшө алышкан эмес. Буга чектөөнү тереңдетүүдөн баш тарткан Москванын көз карашы себеп болгон.
Учурда күчүндө турган келишим 1-апрелден баштап күчүн жоготот. Андан кийин ОПЕК жана “ОПЕК эмес” өлкөлөрдө нефти өндүрүү боюнча бүт чектөөлөр алынат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru