Немец туристтери: “Кыргыз калкынан үлгү алыңыздар”

Бул тууралуу Германиянын элчилик баракчасынын  социалдык тармагына ыраазычылык  билдирүү таратылды:

“Кыргыз калкынан үлгү алыңыздар!

Дем алыш күндөрү, биздин кесиптештер Кыргызстандын тоолорунда эс алып жүргөндө унаасынын🚙 дөңгөлөгү жарылган. Кесиптештерибиздин унааны оңдоо аракеттери байкалбай калган жок, бир аз убакыттан кийин жакын жайгашкан чарбадан үч кыргыз жараны келди.

Кыска убакытта⏱, унаанын асты бир нече таяктар жана таштар менен капталып, дөңгөлөк күрөк менен ачылып, алмаштырылды.

Кыргыз жардамчылардын сезимталдыгы 🤝жана көп тараптуу ой жүгүртүүсү💡 биздин кесиптештерибизди терең таасирлентти.

Ошентип унаанын бузулуусу жагымдуу немис-кыргыз🇩🇪🇰🇬жолугушууга айланды.

Бул жолугушуудан көп нерсени үйрөндүк. Сизге “Чоң рахмат!”-деп айтылат билдирүүдө

Leave A Reply

Your email address will not be published.