Жарнама

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан т/ж негиздемеси 2023-жылы даяр болот

25.08.22 | 16:51
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан т/ж негиздемеси 2023-жылы даяр болот КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иши 2023-жылдын экинчи кварталында жыйынтыкталат. Бул тууралуу 25-августта Бишкекте өткөн брифингде "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы инженери Роман Спасский билдирди.

Анын айтымында, негиздемени даярдоо үчүн Кытайдан 2-августта 157 адис келген. Алар азыр эки топко бөлүнүп, Нарын жана Жалал-Абад облустарында иштеп жатышат.

Ал курулушту ким каржылай турганы чечиле электигин, азырынча үч өлкө тең бөлүп төлөй турганы айтылууда.

Спасскийдин билдиришинче, Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же инвестициялык макулдашуу аркылуу каржылоону караштырууда.

Көп жылдардан бери талкууланып жаткан темир жолу боюнча чечим кабыл алынбай келет. Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган.

Акыркы жылдары темир жол багытынын бир нече версиясы талкууланган. Бүгүнкү күндө эң эле алгылыктуусу катары Торугарт−Арпа−Макмал−Жалал-Абад темир жолу болорун быйыл май айынын башында "Кыргыз темир жолунун" жетекчилиги билдирген. Дагы бир вариант – 8 чакырымга кыска Кара-Суу аркылуу өтө турган багыт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча