Жарнама

"Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу 2024-жылы аяктайт

25.08.22 | 17:13
"Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу 2024-жылы аяктайт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

"Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу 2024-жылы аяктайт. Бул тууралуу брифингде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жолчу-инженери Куштарбек Аманов билдирди.

Анын айтымында, "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулуш долбоору 3 фазага бөлүнгөн. Биринчи, Кызыл-Жылдыз – Арал тилкесинде иштер 2018-жылы бүтүп, жол пайдаланууга берилген, Казарман – Жалал-Абад тилкесинде 3 миң 283,5 метр узундукта тоннель куруу иштерин бүтүрүү калды. Жалпы узундуктун 3 миң 890 метринде иштер бүтүп, 606,5 метри калды. Ошентип, иштер 2023-жылдын ноябрында толук бүткөрүлөт.

Экинчи этапта Арал – Казарман тилкеси бүткөрүлүп, азыр кемчиликтер оңдолуп жатат. Аяктоо мөөнөтү быйылкыга белгиленген.

– Үчүнчү фаза боюнча долбоор 2024-жылы толук аяктайт. Долбоордун жалпы наркы 860 млн долларга бааланган, азыркы учурда 600 млн доллары сарпталды, - деди инженер. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча