Жарнама

Өкмөт Бирдиктүү электрондук почта системасын 500 миң долларга сатып алат

29.08.22 | 11:13
Өкмөт Бирдиктүү электрондук почта системасын 500 миң долларга сатып алат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Бирдиктүү электрондук почта системасын сатып алууну пландаштырууда, - деп жазат мамлекеттик "Кабар" агенттиги. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, пландалган сумма 40 млн 375 миң 958 сом, тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 13-сентябрга чейин.

Техникалык тапшырмада Бирдиктүү электрондук почта системасы төмөнкү милдеттерди аткарышы керектиги белгиленет:

- мамлекеттик кызматкерлерди алардын физикалык жайгашкан жерине карабастан расмий электрондук билдирүүлөр жана электрондук документтер менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;

- мамлекеттик кызматкерлерди жамааттык иштөө каражаттары (бирдиктүү дарек китепчеси, корпоративдик мессенжер, календарлар, байланыш тизмелери) менен камсыз кылуу;

- жана башкалар.

Эске салсак, 2022-жылы июль айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекиткен. 

Өкмөттүн маалыматына ылайык, аталган чечим аткаруу бийлигинин органдарына Бирдиктүү электрондук почта системасын орнотууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууга багытталган.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Бирдиктүү электрондук почта системасынын техникалык оператору болуп аныкталды. 

gov.kg домендик зонасында Бирдиктүү электрондук почта системасын түзүү мамлекеттик органдардын электрондук почта даректерин унификациялоого, бекитилген талаптарга жооп берген ведомстволук электрондук почта тутумун түзүү үчүн программалык-техникалык каражаттарды кошумча сатып алууну жана орнотууну четтетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча