Жарнама

Акыйкатчы институтунун имаратын оңдоого 44,3 млн сом керектелет

04.11.23 | 10:36
Акыйкатчы институтунун имаратын оңдоого 44,3 млн сом керектелет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Акыйкатчы институту имаратын оңдоого 44 миллион сомдон ашык каражат сурап жатат. Бул тууралуу «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылга Каржы министрлиги Акыйкатчы аппаратын кармоого 104 миллион 704 миң сом каралган.

«Бирок институт келерки жылга 151 миллион сомдон ашык чыгымдарды пландоодо. Акыйкатчынын аппараты 47 миллион 128 миң сомду кошумча каржылоону сурайт. Анын ичинен органдын имаратын оңдоого — 44,3 миллион сом, коммуналдык чыгымдар, адам укуктарынын бузулушун алдын алуу үчүн материалдарды даярдоого — 2 миллион 828 миң сом», — деди Жамиля Джаманбаева.

Акыйкатчы Акыйкатчы институтунун имараты 1932-жылы курулганын жана акыркы 20 жылдан бери ал жерде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча