Жарнама

Кыргызстандык эки балбан Казакстанда өткөн Эл аралык мелдеште алтын медаль утту

06.11.23 | 09:20
Кыргызстандык эки балбан Казакстанда өткөн Эл аралык мелдеште алтын медаль утту КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмазбек Сманбеков жана Алибек Осмонов Тараз шаарында (Казакстан) өткөн Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 57 кг чейинки салмакта катышкан Алмаз Сманбеков 1-орунга татыды. Ал эми 70 кг чейинки салмакта Алибек Осмонов дагы финалдык беттеште казакстандын балбанын жеңип, алтын медалды багындыра алды.

Белгилей кетсек, Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеш 3-5-ноябрь күндөрү Тараз шаарында өттү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча