Жарнама

Конституциялык сот матчество боюнча чечимин кайра карап чыкты

09.11.23 | 21:22
Конституциялык сот матчество боюнча чечимин кайра карап чыкты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Конституциялык сот «матчествого» байланыштуу чечимди кайра карап чыкты. Бул тууралуу соттун сайтында маалымдалды.

Бул ишти кайра кароого Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаевдин сунушу себеп болду. Эскерте кетсек, октябрь айында президенттин же сот төрагасынын демилгеси менен мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого мүмкүндүк берген мыйзамга түзөтүүлөргө кол коюлган.

Конституциялык сот белгилегендей, 2023-жылдын 30-июнундагы чечимге ылайык, «матчество» ыйгаруу мүмкүнчүлүгү өзгөчө мамилени талап кылган өзгөчө учурларда гана каралган жана белгиленген коомдук негиздерге ылайык келбеген, бирок юридикалык уруксатка муктаж болгон өзгөчө турмуштук кырдаалдарды чечкен мыйзамдык чараларды кабыл алууда гана каралган.

«Кеп турмуштук трагедияларды башынан кечирген жана психологиялык же дене-бой травмасын алган же сот актысы менен тастыкталган, алардын жашоосундагы атасынын ролу менен байланышкан башка терс турмуштук тажрыйбасы бар адамдардын укуктары жөнүндө болду. Эгерде ушул себептен адам өзүнүн толук аты-жөнүнүн элементи катары эркектин атын кабыл албаса, анда мындай укукту толук аракетке жөндөмдүү болгондо, башкача айтканда, 18 жашка чыкканда гана берүү каралган», - деп белгилешти Конституциялык сотто.

Маалыматта соттун бул позициясы жалпы калктын басымдуу бөлүгү «матчество» институтун кыргыз элинин адеп-ахлагына, баалуулуктарына жана каада-салттарына шек келтирген терс көрүнүш катары кабыл алганына байланыштуу коомчулукта кеңири резонанс жаратканы айтылат. Буга байланыштуу 9-ноябрда Конституциялык сот өз позициясын кайра карап чыгуу чечимин кабыл алып, кыргызстандыктарга «матчество» менен «отчествосун» тандоо укугун берген пунктту жокко чыгарды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча