Жарнама

Жунушалиев жол эрежесин сактабаган автобус айдоочуларын иштен алууну тапшырды

19.11.23 | 11:21
Жунушалиев жол эрежесин сактабаган автобус айдоочуларын иштен алууну тапшырды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында коомдук транспорттун көйгөйлөрүн чечүү максатында жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында мэр Бишкек шаарынын автобустарында накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди сынга алып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга аракетсиздик кылган ишкана жетекчилигине тиешелүү жаза чараларын көрүүнү, ошондой эле жол эрежесин жана ылдамдыкты сактабаган, баарлашуу маданиятын сактабаган жана жүргүнчүлөргө кайрылуунун этикеттерин бузган айдоочуларды жумуштан бошотууга чейинки чараларды көрүүнү тапшырды.

Ошондой эле 15-ноябрда жол кырсыгына кабылган №48 автобустун маселеси көтөрүлүп, жабыркаган жүргүнчүлөрдүн абалы, автобусту калыбына келтирүү, транспорт ишканаларынын жетекчилери менен айдоочунун жоопкерчилиги каралды.

Мындан тышкары жол кырсыктарын болтурбоо жана айдоочуларды жол эрежесин сактоого мажбурлоо маселелери көтөрүлүп, автобустардын ылдамдыгын чектеген, жүргүнчүлөрдү эсептеген жана айдоочулардын жол кыймылын көзөмөлдөгөн жаңы программалык камсыздоону орнотуу боюнча тапшырмалар коюлган.

Жыйындын жыйынтыгында накталай эмес төлөмдөрдү көзөмөлдөө, анын ичинде ар бир автобуска контролерлорду алуу боюнча бир катар сунуштар айтылып, салондун тазалыгы, айдоочулардын (формалардын) тыкан сырткы көрүнүшү да көтөрүлдү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча