Жарнама

Бишкек эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталып, мыкты тасмалар аныкталды

21.11.23 | 21:00
Бишкек эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталып, мыкты тасмалар аныкталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкек эл аралык кино фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ага маданият министри Алтынбек Максутов, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, чет элден келген жана жергиликтүү кино ишмерлер, кино күйөрмандар катышты.

Аземдин жүрүшүндө айрым кино ишмерлерине Кинематографисттер Союзунун, Бишкек мэриясынын, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун атайын сыйлыктары жана медалдары тапшырылды.

Фестивалда CAF Питчинге сунушталган 10 долбоордун ичинен жеңүүчү болуп Асель Айшакимова менен Асель Ержанованын «Эсепти Төлө» долбоору табылды.

Улуттук сынакка коюлган 8 тасманын ичинен «Акыркы көч» (Режиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу) Гран-Принин ээси болду.

Ошондой эле «Мыкты режиссер» - Айбек Дайырбеков «Эрмен жыты» тасмасы менен, «Мыкты актер» - Артык Сүйүндүков «Көл» тасмасындагы ролу үчүн (режиссер Эмил Атагелдиев), «Мыкты көркөм аткаруу» - Акжол Бекболотов «Шамбала» тасмасындагы оператордук иши үчүн (режиссер Артыкпай Сүйүндүков) сыйланышты.

«Сагынбай Манасчы» (режиссер Эрнест Абдыжапаров) тасмасына атайын сыйлык ыйгарылды.

Ал эми эл аралык кино сынакка коюлган 10 тасманын ичинен Гран-Приге «Жекшемби» (Өзбекстан, режиссёр Шокир Холиков) тасмасы татыды. «Мыкты режиссер» сыйлыгын - Актан Арым Кубат «Эсимде» тасмасы менен алса, «Эркектин мыкты ролу» - «Чыйыр» тасмасы (режиссер Михаил Кулунаков) татыды. Калыстар тобунун байгеси казакстандык режиссер Кенжебек Шайкаковдун «Айгай» тасмасына ыйгарылды.

Белгилесек, Бишкек эл аралык фестивалы алгачкы жолу өткөрүлдү. 17-ноябрда старт алган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча