ЖЭБдеги кырсык. 200дөй үйгө жылуулук берилди
Бишкектеги 200 үй ысык суу менен камсыздоо системасына кошулду. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» - «Электр Станциялар» ААКтын филиалы билдирет.
Маалыматка ылайык, этап-этап менен керектөөчүлөргө ысык суу
бере баштады.
«Жылуулук алып жүргүчтөрдүн параметрлери калыбына келтирилген
райондордо ысык суу бериле башталды», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария
катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады.
Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик
органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Жарылуудан беш адам
жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Медиктер экөөнүн абалы оор экенин
билдирди. ТЭЦке президент баштаган бийлик өкүлдөрү барды.