Жарнама

"Кумтөр" Жети-Өгүз районунда тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүүгө 2,6 млн сом бөлдү

05.02.24 | 12:18
"Кумтөр" Жети-Өгүз районунда тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүүгө 2,6 млн сом бөлдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында жергиликтүү коомчулуктарды колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылык жардам көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"Жакында эле «Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагына 2,6 миллион сом өлчөмүндө каржылык жардам көрсөттү. Каржылык колдоо «Кызыл-Суу агро өнөр жай комплекси» муниципалдык ишканасына караштуу 30 гектар жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотууга багытталды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу кошумча жумуш орундарын түзүү менен жергиликтүү дыйкандарга сапаттуу продукция өндүрүү мүмкүнчүлүгү жаралмакчы.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча