Жарнама

Кыргызстан жана Түркия тарабынан маданий борборлор уюштурулат. Мыйзамга кол коюлду

08.03.24 | 11:15
Кыргызстан жана Түркия тарабынан маданий борборлор уюштурулат. Мыйзамга кол коюлду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 7-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Макулдашуу Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы тарабынан маданий борборлорду уюштурууну караштырат, ошондой эле маданият, илим, билим берүү жаатындагы достук мамилелерди жана эки тараптуу өз ара кызматташуу мамилелерин өнүктүрүүгө, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге эне тилин жана улуттук маданий өз алдынчалыгын сактоого, өз ара негизде тараптардын мамлекеттеринин тили, тарыхы жана маданияты менен таанышууга, түз байланыштарды түзүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча