Жарнама

Диплом, айдоочулук күбөлүк алып берем деп жарандарды алдап жүргөн. Шектүү кармалды

22.04.24 | 15:25
Диплом, айдоочулук күбөлүк алып берем деп жарандарды алдап жүргөн. Шектүү кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Лейлекте диплом, айдоочулук күбөлүк алып берем деген шылтоо менен  жарандарды алдап  жүргөн жаран кармалды . Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

 Маалыматка ылайык, Лейлек районунун тургундары 2023-жылдын июль-август айларынан бери К. аттуу жаран алардын ишенимине кирип, диплом жана айдоочулук күбөлүк алып берем деп, бааланган сумманы алып, диплом жана айдоочулук күбөлүк алып бербей изин жашырып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

"Лейлек РИИБне жалпысынан бул багытта 9 арыз түшүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, К. аттуу жарандын жүргөн жерин аныктап кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.  

 Тергөө иштеринин жүрүшүндө издөөдө жүргөн жаран жабырлануучуларга жалпысынан 720 000 (жети жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө зыян келтиргендиги такталган.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 44 жаштагы тургуну А.К. Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалып, Баткен облусуна алынып келип, тергөө кызматына камсыздалды",-деп айтылат маалыматта.

 Учурда кылмышка шектүү жарандын үстүнөн, тергөө иштери уланууда.

  Ал эми жогорудагы жарандан жабыр тарткан жарандар болсо 102, 03656 5 00 39, 0779-14-97-01 номурларына кайрылсаңыздар болот.



Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча