Спортчулар заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз болду. Шаршенбеков ыраазычылык айтты
14.05.24 | 12:26
Бүгүн, 14-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Калыбына келтирүү жана спорттук медицина борборуна барып, жаңы санарип рентген-флюорографиялык аппаратты тапшыруу аземине катышты.
Анда грек-рим күрөшү боюнча Азиянын үч жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков спортчулардын, дарыгерлердин жана машыктыруучулардын биргелешкен эмгеги мыкты жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи.

Ал жаңы жабдуулар үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул кадам кыргыз өкмөтүнүн спортчуларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу, алардын ден соолугун жана кесиптик жетишкендиктерин колдоого умтулуусун чагылдырарын белгиледи.

Редактор
Редактор
Поделиться: