Жарнама

Бишкекте кылмышка шектүүлөргө электрондук билерик колдонула баштады

28.05.24 | 15:18
Бишкекте кылмышка шектүүлөргө электрондук билерик колдонула баштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти Ички иштер министрлиги менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары «Электрондук байкоо» пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгачкы ирет Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын тергөөчүлөрү бөгөт коюу чарасын «Электрондук байкоо» түрүндө колдонду.

«Электрондук байкоо» — аралыктан идентификациялоо мүмкүнчүлүгү менен айыпталуучунун турган жерин контролдоону камсыз кылган мониторингдин заманбап системасы. Система электрондук билериктер аркылуу, ошондой эле уюлдук телефондогу мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашырылат. Электрондук билериктер билекке тагылат жана аларды алып салууга же кайра программалоого болбойт. Жабдууларды жок кылуу аракеттери бузуу сигналын иштетет. Мобилдик тиркеме айыпталуучунун телефонуна орнотулат, мында белгиленген убакыт аралыгында рандомиялык тартипте Face ID функциясы аркылуу аралыктан идентификациялоону ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү берилет.

«Электрондук байкоонун» негизги артыкчылыктарынын бири бул үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө эффективдүү. Система айыпталуучулардын айрым адамдарга же аймактарга жакындоо радиусун чектеп, жабыр тарткандарга кошумча коргоону камсыздай алат.

Электрондук байкоо Пробация департаментинин Мониторинг борбору аркылуу 24 саат бою адамдын кыймылын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү камсыз кылат. Тергөөчү же судья тарабынан белгиленген бул бөгөт коюу чарасынын шарттары аткарылбаган учурда пробация органдары эреже бузууларга тез чара көрө алышат", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик бул чара өзгөчө оор кылмыштарга жана зомбулук көрсөтүү менен байланышкан оор кылмыштарга айыпталган адамдарга карата колдонулбай тургандыгын белгиледи.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча