Жарнама

Алданып калбаңыз! Чет өлкөгө жумушка орноштурабыз деген алдамчылык фактылары көбөйдү

06.06.24 | 16:30
Алданып калбаңыз! Чет өлкөгө жумушка орноштурабыз деген алдамчылык фактылары көбөйдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Чет өлкөдө иштөөнү каалагандар Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана лицензиясы бар жеке ишке орноштуруу агенттиктери аркылуу гана Улуу Британияга жана Европага жумушка кете алат. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди. 

Мекеменин маалыматында жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштурабыз деген алдамчылык фактылары көбөйдү.  Алар материалдык пайда көрүү максатында, алдоо жолу менен Улуу Британияда жана Европа континентинин өлкөлөрүндө жарандарды жумушка орноштурууга укуксуз негизде убадаларын беришүүдө.

Ошондой эле, борбор жарандарды “Instagram” жана “Facebook”социалдык платформаларында таргет-жарнама аркылуу таратылган жарнак материалдарына жана чет элдик агенттиктерге ишенбөөгө чакырат.

Жарандарды жумушка алуу процедурасы Улуу Британияда акысыз негизде жүргүзүлөрүн, анда арыз берүүчү өз алдынча авиабилет сатып алып, жумуш визасын алуу үчүн консулдук жыйымды төлөй тургандыгын белгилей кетүү керек.

Борбор жарандарды www.migrant.kg расмий сайтынан чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттигинин мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча