Жарнама

Жолдорду оңдоо уланууда. Бишкектин Толстой көчөсүндөгү тротуарга асфальт төшөө иштери башталды

06.06.24 | 17:52
Жолдорду оңдоо уланууда. Бишкектин Толстой көчөсүндөгү тротуарга асфальт төшөө иштери башталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Лев Толстой көчөсүнүн түндүк тарабынан Байтик баатыр көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жана түштүк тарабынан Байтик баатыр көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Лев Толстой көчөсүндөгү Логвиненко көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин түндүк тарабындагы тротуарга асфальт төшөө иштери башталды.

Логвиненко көчөсүнөн Манас проспектисине чейин арыктарды орнотуу жүргүзүлүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча