Жарнама

Кыргызстан 2,5 айда селден 170 миллион сомдон ашуун зыян тартты

03.07.24 | 16:17
Кыргызстан 2,5 айда селден 170 миллион сомдон ашуун зыян тартты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепетинен келип чыккан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев учурдагы кырдаал боюнча маалымат беришти. 

Бообек Ажыкеевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен 1-июлуна чейин 236 сел катталып, андан келтирилген чыгым 170 млн сомдон ашык болгон.

Транспорт жана коммуникациялар министри селдин кесепетинен бир нече чакырым жол, ошондой эле 9 көпүрө бузулуп, анын бири толугу менен талкаланганын билдирди. 

Мындан тышкары селдин алдын алуу боюнча конкреттүү иш-чаралар, анын ичинде коргоочу курулмаларды куруу, дарыялардын жээктерин бекемдөө, мониторинг системаларын орнотуу жана эрте эскертүү маселелери талкууланды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча