Жарнама

Улуттук банк 34,3 млн доллар сатып алды

12.07.24 | 12:10
Улуттук банк 34,3 млн доллар сатып алды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

 Кыргызстандын Улуттук банкы 11-июлда тескери интервенция жасап, валюта рыногунан 34 млн 300 миң АКШ долларын сатып алды. Бул тууралуу банкттын сайтында маалымдалды.

Ошентип, Улуттук банк бүтүмдүн датасы боюнча эсептешүүлөр менен 17,5 млн доллар жана бүтүмдүн датасынан башка дагы 16,8 млн доллар сатып алган.

Бул жыл башынан бери чет элдик валютаны сатып алуу боюнча 11-интервенция.

Азыркы учурда доллардын расмий курсу төмөндөп жатат, 13-июлга карата 1 доллар - 85,31 сом, ал эми евро - 92,54 сомду түзүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 19-июнда – 62,5 млн доллар, 7-июнда – 40,7 млн доллар, 4-июнда 16 млн 900 миң доллар, 21-майда – 31,5 млн доллар, 7-майда – 17,7 млн доллар, 26-апрелде – 24,5 млн доллар, 22-апрелде – 25,850 миң доллар, 16-апрелде – 19,2 млн доллар, 8-апрелде – 17,1 млн доллар, 27-мартта – 9 млн доллар сатып алган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча