Жарнама

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет мамлекеттин жараны кармалды

19.07.24 | 16:27
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет мамлекеттин жараны кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

 Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу  атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча 1993-жылы туулган Азербайжандын жараны Б.М.Г. кармалды. Ал андан ары Өзбекстанга барууга аракет кылгандыгы аныкталды. Айрым маалыматтарга караганда, Б.М.Г. Кыргызстан жана Казакстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар.

Кармоо учурунда Б.М.Г. менен биргеликте анын ишенимдүү адамы 1980-жылы туулган уйгур улутундагы Кыргызстандын жараны Чүй облусунун жашоочусу, буга чейин бир нече жолу соттолгон М.З.Т. кармалды. Ал Б.М.Г.га Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө көмөк көрсөтүп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган.

Учурда  аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышты аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча