Жарнама

Сокулукта өзүн "принц" деп атоону талап кылып, бутун өптүргөн жигит сабалды

30.07.24 | 12:12
Сокулукта өзүн "принц" деп атоону талап кылып, бутун өптүргөн жигит сабалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Сокулукта өзүн "принц" деп атоону талап кылып, бутун өптүргөн жигит сабалды. Бул боюнча видео социалдык тармактарга тарап, 2 киши жигитти сабап, бутун өптүрүп жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Чүй ОИИББден окуя тууралуу редакцияга маалымат берип, видео боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын айтышты.


"Бул окуя Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Видео качан тартылганы такталып жатат. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет",- дешти башкармалыктан.


Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарга өспүрүмдүн бутуна бычак сайып, өзүн "принц" деп атоого мажбурлап, бутун өптүргөн 19 жаштагы жигиттин видеосу тараган. Бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кийин "Кыйноо беренесине"  алмаштырылып, тергөө жүрүп жаткан. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгени малымдалган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча