Жарнама

Сүйүнчү! Мээрим Жуманазарова финалга чыкты. Эми алтын үчүн күрөшөт

06.08.24 | 02:11
Сүйүнчү! Мээрим Жуманазарова финалга чыкты. Эми алтын үчүн күрөшөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн финалда күчүн сынайт.

68 кг салмак ченинде Мээрим Жуманазарова 1/2 финалда Нигериянын балбаны Блессинг Оборудуду менен беттешти. Финалга чыгуу үчүн спортчулар килем үстүндө болгон аракетин жумшашты. Жарым финалдын жыйынтыгы менен спортчу Мээрим Жуманазарова нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1эсебинде утуп, жеңишти камсыздады.

Белгилей кетсек, 1/4 финалда Япония балбаны Ноноки Озакини 8:6 эсебинде татыктуу жеңген.

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда Монголиянын балбаны Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсеби менен утуп алган эле.

Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн күрөштөр бүгүн, 6-августта өтмөй болду.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча