Жарнама

Нарында 16 жаштагы өспүрүмдүн жамбаш сөөгүнө арматура кирип кеткен

06.08.24 | 15:29
Нарында 16 жаштагы өспүрүмдүн жамбаш сөөгүнө  арматура кирип кеткен КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Нарын облусунда курулушта иштеген 16 жаштагы өспүрүм жаракат алып ооруканага түшкөн. Нарын облустук бириктирилген оруканасынан кабарлашкандай, жумушчунун жамбаш сөөгүнө арматура кирип кеткен.Маалыматка караганда, 23-июлда ооруканага 16 жаштагы өспүрүм түшкөн. Ал экинчи кабаттан кулап кетип, денесине 18 сантиметр арматура кирип кеткен.

"Жабырлануучу облустук ооруканага өтө оор абалда түшүп, реанимация бөлүмүнүн дарыгерлери операция жасады. Арматура кан-тамырларды үзүп кетиптир. Темир жамбаш сөөккө такалып калыптыр. Сейрек кездешүүчү операция жасалды. Операция болгонуна 10 күн болдуп калды. Учурда абалы жакшы, үйүнө чыгарылды", - деди оорукананын дарыгери.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча