Жарнама

Садыр Жапаров айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди

08.08.24 | 17:26
Садыр Жапаров  айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты республиканын калкына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо болуп саналат.

Мыйзам саламаттык сактоо системасын каржылоо принциптерин өркүндөтүү жана калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү үчүн аймактык деңгээлде башкарууну күчөтүүнү карайт.

Ошондой эле, Мыйзамда республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланууну камсыз кылуу жана калк үчүн медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдери өзгөртүлүүдө.

Мыйзам 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча