Жарнама

Олимпиада оюндары: Күмүш уткан спортчуларга 10 млн сом, коло байге алгандарга 7 млн сом бериле турган болду

12.08.24 | 10:01
Олимпиада оюндары: Күмүш уткан спортчуларга 10 млн сом, коло байге алгандарга 7 млн сом бериле турган болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Министрлер кабинети Париждеги (Франция) Олимп оюндарында байгелүү орунга ээ болгон спортчуларга акчалай сыйлыктарды көтөрдү. Маалыматты Министрлер кабинетинен тастыктады.

Ага ылайык, спортчулар эми күмүш медаль үчүн 10 миллион сом, коло үчүн 7 миллион сом алышат.


Белгилей кетсек, Парижде өткөн Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы 6 медаль утту. Эки күмүш медалдын ээси - Мээрим Жуманазарова жана Мунарбек Сейитбек уулу.


Ал эми коло медалдарды Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков алышты.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча