Жарнама

Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбек машыктыруучу: Өзүмдүн шакиртимдей көрүп, чын дилимден жардам бердим

16.08.24 | 11:45
Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбек машыктыруучу: Өзүмдүн шакиртимдей көрүп, чын дилимден жардам бердим КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

"Мунарбекке өзүм билген нерсени чын жүрөгүмдөн айтып, тек гана алдыга гана деп айтып жаттым".  Бул тууралуу Париж Олимпиадасында мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов маек берип жатып айтты. 

"22 же 23-июлда кыргызстандык машыктыруучу Мунарбек Сейитбек уулу менен келди. Аларда жалгыз мушкер болгондуктан, чогуу машыгып жаттык. Мага секундант болуу сунушу түштү. Менин өзүмдүн жетекчилигимдин макулдугусуз эч нерсе кыла албайт элем. Мени жардам берсин деп сурашты. Башкы машыктыруучу уруксаат берди, мен жардам бердим. Мунарбекти 3 жылдан бери тааныйм. Анткени мелдештерде чогуу болуп калчубуз.  «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп айтылат эмеспи. Биз тараптан эч ким каршы болгон жок. Башында Мунарбектен тартындым. Себеби машыктыруучусу башка, башка бала, башка өлкөнүн мушкери дегендей. 1-раундда кубалык атаандашын 5:0гө жеңди. «Мунарбек, өзбекче билесиңби?» дедим. Мен Оштон болом, сүйлөй бериңиз, толук түшүнөм деди. Анан мен өзүм билген нерсени чын жүрөгүмдөн айтып берип, тек гана алдыга гана деп айтып жаттым. 

Мени ичимден Олимпиадада рингге чыгып, секундант болсом экен деп тиленчүмүн. Себеби, биздин курамдын эң жаш секунданты менмин. Ниетим кыргызстандык мушкер тарабынан аткарылганына кудайга шүгүр дедим. Бул сунушка сүйүндүм. Эртеси эле интернетке кирсем, миңдеген каттар келиптир. Кыргызстандыктар жазып, ыраазычылыгын билдиришти. Кыргызстанда Мунарбек тарых жаратыптыр. Анын бир бөлүгү болгонума сүйүндүм. Мен жарым финалга чыгышын аябай күттүм. Болгон аракетимди жасадым. Кыргызстандык боксчу аябай күчтүү, тажрыйбалуу. 

Жарым финалда утуп, финалга чыкканда жеңилдей түштүм. Кудайга шүгүр, эң начары коло медалга илинди дедим. Мындай учурда көп спортчулар «болду, медалга илиндим» деп өзүн таштап салат. Мен Мунарды чакырып, дагы аракет кылып коюшу керек экенин, тарых жаратарын айтып, дем берүүгө аракет кылдым. Финалда Өзбек мушкери менен беттешерин билгенде, мага кайра каттар келе баштады. «Сиз секунданттык кыласызбы?» дешти. Мен жообун так билип турдум, чыкпасымды билдим. Бирок 3 күн жооп берген жокмун. Кыргызстандык боксчуна үйрөнүп дагы калгам. Анан Өзбекстандан чапан, баш кийим алдырып, жакшы түшүндүрүп, видео тарттык. Алар дагы ыраазы болушуп, ушул жерге жеткиргениңизге рахмат дешти"- деди ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча