Жарнама

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын маал-маалы менен топтолуусу талкууланды

23.08.24 | 18:49
Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын маал-маалы менен топтолуусу талкууланды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

ЕАЭБдин ички чек аралары аркылуу жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууга тоскоолдук кылууга болбойт. 

Мындай билдирүүнү Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Алматыда Казакстандын жана Кыргызстандын ишкерлери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары Евразия экономикалык биримдигинде товарлардын эркин кыймылын камсыз кылууга байланыштуу транспорт жана логистика чөйрөсүндөгү бизнес-коомчулуктун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кожошев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички чек аралары аркылуу жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн тоскоолдуктарды болтурбоонун жана ишкерлер арасында дезинтеграциялык маанайды провокациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Бизнес экономикалык интеграцияны андан ары өнүктүрүү үчүн ички рынокто жагымдуу жана атаандаштык шарттарды түзүүдө биздин ой — пикирибизди жана чечкиндүүлүгүбүздү так эрежелер менен көрүшү керек", - деди министр.

Анын айтымында, ЕЭК аянтчасында Кыргызстандын Россиядан Казакстан аркылуу жүктөрдү (анын ичинде дан өсүмдүктөрүн) ташууга темир жол арифин жогорулатуу боюнча кайрылуусу каралууда.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын маал-маалы менен топтолуп турушу тууралуу сөз болуп жатат.


Амир
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча