"Биз сыйлыкты күтпөйбүз". Ташиев сыйлыгы тууралуу комментарий берди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаров ыйгарган генерал-полковник наамы боюнча журналисттерге комментарий берди. Анын айтымында, бул сыйлык ал үчүн күтүүсүз болду.
"Биз сыйлыкты күтпөйбүз. Биз элибизге кызмат кыла беребиз. Урматтуу президентибиз ушундай деп чечкен экен, биз ыраазыбыз рахмат"- деди Ташиев.
Ал ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилигинен кетүү тууралуу кептерге комментарий берген жок.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевге генерал-полковник аскердик наамын ыйгарды. Анда Садыр Жапаров өз сөзүндөТашиев чек ара маселелерин чечүүгө чоң салым кошконун, ошондой эле коррупцияга каршы күрөштү белгиледи.