"Апаңа өчөшүп күнүгө урам сени!" Коомчулук зөөкүр атаны жазалоону талап кылууда
13.09.24 | 08:48
Социалдык тармакта атасы баласына кордук көрсөтүп жаткан тасма тарады. Анда байкалгандай кичинекей наристени "Көзүмө көрүнбөй жогол! Апаңа кошуп сени урушум керек. Апаңа өчөшүп күнүгө урам сени. Тур! Угабы кулагың?! Апаң болсо жүрөт алдап коюп! Сазайын силерди токмоктоп уруш керек! Күнүгө бир маал тушумда болосуң! Эшикке чыгып жатасың! Чык эшикке!",-деп караңгыда баласын эшикке чыгарып салганын көрүүгө болот.
Коомчулук бул окуяга катуу реакция кылууда. Көптөгөн адамдар зөөкүр атаны табып, тийиштүү жазасын берүү талабы менен чыгышты. Окуя коомчулукта кеңири талкууга алынып, укук коргоо органдары бул маселеге көңүл бурушу күтүлүүдө.
Амир
Редактор
Поделиться: