Бишкектен Нарын шаарына алты троллейбус алынып келди
13.09.24 | 15:46
Нарынга Бишкектен алты троллейбус алынып келинди. Бул тууралуу облустук борбордун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, троллейбустар эки шаардын мэрияларынын кызматташтыгынын алкагында өткөрүлүп берилди. Аларды пайдаланууга берүү иштери жүрүп жатат.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев троллейбустар борбордон толугу менен чыгарыла турганын билдирген. Анын айтымында, электроавтобустар жана башка коомдук транспорт кыймылдуураак жана шаардагы тыгындарды чечүүдө алардын каттамын өзгөртүүгө болот, ал эми троллейбустар менен мындай чечүү мүмкүн эмес.

Редактор
Редактор
Поделиться: