Жарнама

«Коопсуз шаар» эми Кыргызстандын бардык аймагында иштей турган болду

19.09.24 | 15:14
«Коопсуз шаар» эми Кыргызстандын бардык аймагында иштей турган болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

 Кыргызстандын бардык аймагында «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрүп жатып билдирди.

Эми ИИМ жана анын аймактык бөлүктөрү өлкөнүн бардык аймагында «Коопсуз шаар» тутумун жайылтуунун үстүндө иштеп баштайт.

18-сентябрда президент Садыр Жапаров «Акылдуу шаар долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Анда ИИМ «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин ишке ашырылышын координациялоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча