Жарнама

Бишкекте адам өмүрү кыйылган жол кырсык. Айдоочунун күнөөсүн досу алууга аракет кылган

02.10.24 | 13:18
Бишкекте адам өмүрү кыйылган жол кырсык. Айдоочунун күнөөсүн досу алууга аракет кылган КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык болду. Бул тууралуу  ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда саат 07:30 чамасында Жантөшев менен Бекеров көчөсүнүн кесилишинде «Ниссан Патрол» менен «СсангЙонг Муссо» автоунаалары сүзүшкөн. Милициянын маалыматы боюнча, «Ниссан» Жантөшев көчөсү менен батышты карай, «СсангЙонг» Бектенов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан. Кырсык учурунда «СсангЙонг» унаасын башкарып бара жаткан Н.Н. (1955-жылы туулган) жаракат алып, ооруканада көз жумду.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген жол коопсуздук эрежесин бузуу) менен катталды. Алгачкы тергөөдө «Ниссан» унаасынын айдоочусумун деп 1989-жылы туулган Н.К. көрсөтмө берген. Бирок анын маалыматы жалган экени такталып, кырсык учурунда унааны досу — 1988-жылы туулган Т.М. башкарып бара жатканы белгилүү болду. Милициянын маалыматы боюнча, шектүү күнөөсүн мойнуна алды.

Транспорт каражаты айып короого токтотулуп, тергөө жүрүп жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча