Жарнама

Казакстандык кримавторитет колонияда асынган абалда табылды

10.10.24 | 10:10
Казакстандык кримавторитет колонияда асынган абалда табылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кылмыш чөйрөсүндө Леха Семипалатинский деген каймана ат менен белгилүү болгон 66 жаштагы казакстандык Айткали Маймушев катуу тартиптеги колонияда асынган абалда табылды. Бул тууралуу "Прайм Крайм" маалымат агенттиги жазды.

ЖМКлардын маалыматына караганда, криминал 2023-жылдын декабрынан бери Россиянын колониясында жазасын өтөп жаткан. 2023-жылдын 10-июлунда Москва шаардык соту аны кылмыш статусу жана баңги затын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн 9 жылга эркинен ажыраткан.


Маймушев Казакстандын эң улуу мыйзам уурусу деп эсептелет. Ал 1997-жылы криминалдык лакап атка ээ болуп, криминалдык идеяларды жайылта баштаган.

2022-жылдын январында Семипалатинский Москвадагы барлардын биринде кармалган. Жеке текшерүү учурунда анын жанынан метадон табылган.



Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча