Жарнама

Унааны кайра каттоо үчүн милдеттүү камсыздандыруу полиси талап кылынабы?

11.10.24 | 17:39
Унааны кайра каттоо үчүн милдеттүү камсыздандыруу полиси талап кылынабы? КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Унааны кайра каттоо үчүн милдеттүү камсыздандыруу полиси талап кылынбайт. Мындай маалыматты Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик таратты.

Унааны кайра каттоо үчүн төмөнкү документтердин пакетин берүү жетиштүү:
- өздүгүн тастыктаган документ;
- транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү;
- учурдагы салык мезгили үчүн салык төлөмүнүн квитанциясы.

Эске салсак, документтерди Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө тапшырса болот.

Жубайлардын биргелешкен менчигиндеги транспорт каражатын кайра каттоодо жубайынын макулдугу талап кылынат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча