Жарнама

Эми Улуттук госпиталдан МРТ жана КТ текшерүүсүнөн күнү-түнү өтүүгө болот

14.10.24 | 14:11
Эми Улуттук госпиталдан  МРТ жана КТ текшерүүсүнөн күнү-түнү өтүүгө болот КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография жана компьютердик томография күнү-түнү бою дем алышсыз иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, тез жардам кызматы аркылуу келген оор абалдагы бейтаптар кезексиз кабыл алынат.

Ошондой эле Улуттук госпиталда ден соолугунун абалы ар кандай бейтаптарды анестезиолог-реаниматологдун коштоосунда жеткирүү кызматы көрсөтүлөт.

Баалары:

- Компьютердик томография - 1400 сом
- Магниттик-резонанстык томография - 2100 сом
- Бейтаптарды шаар ичинде ташуу (Бишкек) - 2400 сом

Колл-борбордун 0558551295, 0709905511, w/a 0709905511, стат. номер: 1295 аркылуу алдын ала катталууга болот.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча