Жарнама

50 килограммга чейин арыктаган. Охот деңизинде эки ай калкып жүргөн адам кантип аман калганын айтып берди

16.10.24 | 13:28
50 килограммга чейин арыктаган. Охот деңизинде  эки ай  калкып жүргөн  адам кантип аман калганын айтып берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Охот деңизинде калып калып эки ай кайык менен калкып жүргөн Михаил Пичугин журналисттерге кантип тирүү калганын айтып берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.https://ria.ru/20241016/turist-1978255088.html?in=l

"Кудайдын жардамы менен. Башка эч нерсе деп айта албайм. Ичи төөнүн жүнүнөн жасалган уктоочу "моңгол" мүшөгүбүз бар болчу. Буттарыбыз суу, кирип бүрүшүп жатасың да, бир аз жылып каласың", — деп эстеп баяндап берген Пичугин.

Ал бир тууганы менен анын уулу ачкалыктан каза тапканын, өзү 50 килограммга арыктаганын айтты.

Буга чеийн Ыраакы Чыгыштын транспорт прокуратурасы ичиндеги кишилери менен эки ай мурда жоголуп кеткен кайыктан 14-октябрда бир адам табылганын кабарлаган. 2024-жылдын 9-августунда эки киши жана алардын биринин 15 жаштагы уулу деңизге "Байкат 470" кайыгы менен кетип, көп өтпөй байланыш таптакыр үзүлгөн. Тик учак менен издеп таппай коюшкан. Ушул дүйшөмбү күнү Камчатканын жээгинен балыкчылар катамаран табышкан. Андан алсыраган тирүү киши жана эки сөөк чыккан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча