Жарнама

Бишкек шаардык сот Аскат Жетигендин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды

17.10.24 | 17:41
Бишкек шаардык сот Аскат Жетигендин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы акын Аскат Жетигенге карата чыккан буга чейинки өкүмдү күчүндө калтырды.

Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенге карата Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, аны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратты.


Эскерте кетсек, Бишкектин Свердлов райондук соту акындын 2021-жылдын мартындагы видео кайрылуусуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу" боюнча өкүм чыгарып, күнөөлүү деп тапкан.


Ал эми 278-берененин 3-бөлүгү ("Массалык башаламандыктарга чакыруу") боюнча актаган.

Жыйынтыгында Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов аны үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча