Жарнама

Мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактаган жана ок-дарыларды ташыган жарандар кармалды

21.10.24 | 16:55
Мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактаган жана ок-дарыларды ташыган жарандар кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды ташыган жарандарды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдирди. 


Маалыматка ылайык, ИИМдин БМЖКККсы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан «Куба» аттуу адам Бишкек шаарынын аймагында жашаган «Бакыт» аттуу бир тууган агасына үй буюмдарынын арасына катып, ок-дарыларын жөнөтүүнү көздөп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. 

"2024-жылдын 13-октябрында болжол менен саат 00:50 чамасында ИИМдин Тергөө кызматы менен биргеликте, жана КР ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинин колдоосунда "Бишкек-Кара-Балта" унаа жолунда, Бишкек шаарынын аймагында, ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, 1980-жылы туулган А.Э.О. аттуу жарандын башкаруусунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан Бишкек шаарын көздөй бараткан унааны тинтүү жүргүзүлгөн.     

Унааны кароодо үй буюмдарынын жана курулуш материалдарынын арасынан 28 таңгак ок-дарылар, алардын ар биринде 20 даана ок болгон, жалпы саны 560 даана ок жана бир даана граната алынган.


Эксперттик-криминалисттик кызматынын маалыматтык билдирүүсүнө ылайык: изилдөөгө берилген октор сайлуу ок атуучу куралдан, "Калашников" / АКМ, АКМ, "СКС", "Сайга", "Вепрь" автоматтарынан атуу үчүн арналган 7, 62х39 мм калибрдеги ок-дарылар болуп саналат.      

Кылмышка шектүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган С.уулу К. 1980-ж.т., жана 1976-ж.т. С. уулу Б., кармалып, Бишкек ШИИББнын УКЖ киргизилди.  

Учурда аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда",-деп айтылат маалыматта. 


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча