Адистер Дубай шоколадынын ден соолукка кооптуулук жараткан себептерин атады
Бул деликатес акыркы бир нече айда хит болду. Дубай шоколады блоггерлер жана атактуулар тарабынан макталып, алар мындан таттуу нерсе жоктой сезим калтырышты. Бирок, бул таттуу фигура үчүн да, жалпы ден-соолук үчүн да өтө кооптуу экенин дарыгерлер эскертишти.
Ал эмнеден жасалат жана ден соолукка кандай таасир этерин эксперттер менен биргеликте "Доктор Питер" түшүндүрмө берди.
Популярдуу деликатес кол менен жасалат. Анын курамында бельгиялык сүт шоколады, мисте же кунжут пастасы жана катаифи камыры бар. Бул продукт алгач Чыгышта колдонулган, камыр бири-бирине чырмалышкан эң сонун ак жиптердей көрүнөт. Курамында бизге тааныш эле суу, туз,ун, жумуртка бар.
"Таттуу паста менен таттуу шоколад, жана камыр - чыныгы углевод бомбасы сыяктуу угулат. Жана мындай продукт чындыгында зыян келтириши мүмкүн",-дейт токсиколог Михаил Кутушов.
Шоколаддын курамында мисте пастасы жана катаифи камырынан тышкары экзотикалык жемиштер, жаңгактар, татымалдар, сүт азыктары, ошондой эле боектор жана консерванттар колдонулат. Мунун баары десертти абдан калориялуу кылат жана кээ бир ингредиенттер аллергияны козгошу мүмкүн.
"Тилекке каршы, тренд болуп жаткан десертин бир эле тиштеген ден кийин оозу кычышкан учур болгон. Андан кийин ал тумчугуп, жөтөлүп, денесин кычыштыра баштады. Кийин көздөрү шишип, анан ал такыр эсин жогото баштады. Квинкенин шишигин кайсы ингредиент козгогонун так айтуу кыйын, бирок бул окуя белгисиз курамы бар шоколадды көзөмөлсүз колдонуунун коркунучун ачык көрсөтүп турат", - деп белгиледи доктор.
Адаттан тыш таттуу жагымсыз аллергиялык реакцияларды козгобосо дагы, адам ичеги-карын ооруларына оңой эле кабылышы мүмкүн.
Дубай шоколадында калория жана май көп болгондуктан, ич өткөк, зарна жана ичтин толушу мүмкүн. Мындан тышкары, мындай таттууну дайыма колдонсо, анда салмак кошуу көйгөйлөрүнө дуушар болот. Семирүү коркунучу жогорулап, шоколаддагы канттын концентрациясы кант диабети менен ооруган адамдардын ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү күчөтөт.
"Дессертти жасоодо колдонулган катаифи камыры көп өлчөмдөгү майга куурулат. Бул ага калория гана кошот",- деп түшүндүрдү эксперт.
Мындан тышкары, өндүрүүчүлөр көбүнчө кайсы ингредиенттерди колдонгонун жашырышат. Башкача айтканда, камыр, шоколад жана паста сапаты төмөн болушу мүмкүн. Ошондой эле, боектор жана консерванттар жөнүндө унутпаңыз.
ЖКТ көйгөйлөрүнөн жана анафилактикалык шоктон тышкары, бул көлөмдөгү углеводдор жана кант уйку безинин бузулушуна, өт баштыкчасынын көйгөйлөрүнүн күчөшүнө жана бул холециститке алып келиши мүмкүн. Өтүндө ташы бар адамдар үчүн өзгөчө коркунучтуу.
"Жаңгактарга жана уруктарга көнө элек адамдар аллергия болушу мүмкүн экенин билбегендиктен кескин шишип, дем алуусу бузулуп, тез жардам чакырган жаңылыктар көбөйүүдө", - деди терапевт Наталья Зубарева.
"Эгер адам шоколаддын бул түрүн сынап көрүүнү чечсе, анда төмөнкү пункттарга көңүл буруу керек",-деди Кутушов.
Биринчиден, десертти анын курамындагы мүмкүн болгон аллергендерге текшерүү керек. Экинчиден, кычышуу, күйүү, дем алуу же башка ыңгайсыздыктар сыяктуу симптомдор пайда болгондо, себебин тактоо жана тиешелүү дарылоо үчүн дароо дарыгерге кайрылуу зарыл.
Зубарева өз кезегинде адамдарга десертти абдан жактырса, өз алдынча жасоону сунуштайт.
Жакшы катаифи камырын тандап, мисте пастасын көп кошпой, сүт шоколадын жок дегенде жарым-жартылай ачуу менен алмаштырсаңыз болот. Мунун баары тамактын калориясын азайтат жана ошону менен таттууларды сүйүүчүлөрдү коркунучтуу кесепеттерден коргойт.