Жарнама

Президент акыркы төрт жылда кыргыз милициясында мыкты шарттар түзүлгөнүн айтты

01.11.24 | 12:25
Президент акыркы төрт жылда кыргыз милициясында мыкты шарттар түзүлгөнүн айтты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

 "Акыркы төрт жылда Кыргыз милициясында мыкты шарттар түзүлүп келе жатат". Бул тууралуу Садыр Жапаров кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.

"Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан өзгөрүүлөр менен жаңы чакырыктар бизден мындан да бекем, мындан да ыкчам аракеттерди талап кылат.

Ушундан улам, менин тапшырмамдын негизинде акыркы төрт жылда Кыргыз милициясында мыкты шарттар түзүлүп келе жатат.

Биз адегенде эле өздүк курамдын төрт мезгилге төп келген сырткы кийиминен баштап, бардык материалдык-техникалык базасы чыңдап бердик. Жалпы республика боюнча милиция кызматындагылардын маянасы эки эсе жогоруласа, Баткен жергесинде кызмат өтөгөн милиционерлердин айлыгы төрт эсеге жогорулады.

Ошондой эле атайын күжүрмөн санарип технологиялар ишке киргизилип, коопсуздукту камсыздоо жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Жаңы программаларды, кибер-коопсуздукка байланышкан техниканы колдонуп, адамды жүзүнөн таанып, ошол жерден аныктай турган заманбап технологиялар менен иш алпарууга толугу менен өттү.

Өлкө аймагындагы коомдук жайларга төрт миңден ашуун видео-камералар орнотулуп, алар аркылуу күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлүп, жалпыга бирдей болгон коомдук тартип сакталып келүүдө.

Олуттуу иш-аракеттердин натыйжасында акыркы төрт жылда кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөп, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар жөнгө салынып келе жатат.

Мына ушундай саамалыкты улай быйылкы жылдын башынан бери Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына 100 жаңы имарат ачуу демилгеси ийгиликтүү ишке ашып, бардык аймактарда заманбап шарттары менен жаркыраган жаңы имараттар, биринин аркасынан бири ачылып, колдонууга берилүүдө.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жакында эле “Коопсуз шаар” долбоорун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү Жарлыгын чыгарып, бир катар тапшырмаларды бердим.

Азыркы учурда Ички иштер министрлиги бул долбоорду “Коопсуз өлкө” долбооруна айлантып, жалпы республикага жайылтууга бел байлап турат.

Мунун баары элибиздин коопсуздугуна, кылмышы жана укук бузуусу жок өлкөнү курууга карата жасалган мамлекеттик деңгээлдеги кадамдар экенин баса белгилеп кетейин.

Жакынкы келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга Ички иштер министрлигинин толук мүмкүнчүлүгү бар",- деди Жапаров куттуктоо сөзүндө.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча