Жарнама

10 баш мал союп, колбаса чыгарган цехке өткөргөн. Аксыда мал уурулукка шектелгендер кармалды

15.11.24 | 14:15
10 баш мал союп, колбаса чыгарган цехке өткөргөн. Аксыда  мал уурулукка шектелгендер кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Аксы районунунда мал уурулукка шектелгендер кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

26-октябрь күнү Аксы РИИБге 7 жаран арыз менен кайрылып, 10 баш малы уурдалганын билдирген. Аталган маалымат Аксы РИИБге катталып, териштирүү иштери башталган.

14-15-ноябрь күндөрү өткөрүлүп жаткан уурулук иш-чарасынын негизинде, Аксы жана Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектүү катары Аксы районунун эки тургуну Токтогул районунан кармалып, Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми 12-ноябрь күнү Аксы РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 205-берене менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, 1984 жана 1994-жылы туулганкылмышка шектүүлөрдүн 10 баш малды талаада жүргөн жеринен кармап, союп, жеңил унаага жүктөп, Токтогул районунда жайгашкан колбаса чыгаруучу цехке алып барып сатышкандыгы аныкталып, жасаган иштерин толугу менен мойнуна алышкан. 14-ноябрь күнү алар Аксы райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча